1. Кейүү, бирөөгө жан тартуу, боору ооруп аёо. Бир күнү жарган бээсине ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ал ыйлап кеткен, бирок анын көз жашына эч кимдин ичи ачыбады (Жантөшев). 2. Кызгануу, ичи таруу, кыйылуу, өкүнүү. Ичиң ачыса бербей эле кой («Ала-Тоо»).
1. Кейүү, бирөөгө жан тартуу, боору ооруп аео. Бир күнү жарган бээсине ээсинин ичи ачыды (Тоголок Молдо). Ал ыйлап кеткен, бирок анын көз жашына эч кимдин ичи ачыбады (Жантөшев). 2. Кызгануу, ичи таруу, кыйылуу, өкүнүү. Ичиң ачыса бербей эле кой («Ала-Тоо»). В.: Ичи ачышуу. Бекташ бемирен калсын, келин балама боорум ооруйт, ичим ачышат (Кушубеков). Кийин бир топ жылдар өткөн соң, агам аялы менен эки баласын таштап кеткенин угуп, чындап ичим ачышты. Шаардан, окуудан келген балдарды көргөн бул экөөнүн тең ичи ачышып, ошо балдарга көзү түшөт (Өмүрбаев). Ичи ачынуу. Кемпир береги аптыга айран ичип жаткан балага ичи ачына карап отура берди (Өмүрбаев). Сүттү арбын берүүчү эки уйду башка саанчыга өткөрүп бергенде ичи ачынып, кейип калды (Убукеев). Ичи ооруу. Ошого ичиң ооруп турабы? Анын кеткенине ичиң ооруп калдыбы? («Чалкан»). Бир туруп өспөй калган бак ичиндеги бедесине ичи ооруп, эмне кылар айласын таппай чайналды (Мырзаев).